Кыргызстан Түркиядан пилотсуз учкан Bayraktar Akıncı техникасын алды

Кыргызстан Түркиядан Bayraktar Akıncı («Байрактар Акынжы») деп аталган кубаттуу пилотсуз учкан техника алды. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

 

«Акынжы» — дрон менен сокку ура турган артыкчылыкка ээ кубаттуу курал. Бул техника 2001-жылы Түркиянын Аскер-аба күчтөрүнүн куралдарынын катарына киргизилген.
Эске салсак, Кыргызстан Түркиядан буга чейин, тагыраагы, 2021-жылдын декабрында пилотсуз учуучу «Байрактар» аппараттарын сатып алган.