Баткенде тургундардын документтерин калыбына келтирүү иштери уланууда

Соңку окуяларда жабыр тарткан Баткен облусунун тургундарынын документтерин калыбына келтирүү иштери уланууда.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 600дөн ашык арыз түштү.

Негизги иштер Баткен жана Лейлек райондорунда жүргүзүлүүдө.

Жер-жерлерде бир нече мобилдүү топтор иштеп жатат.