Нарын облусунда Куланак ГЭСинин курулушу башталды

Нарын облусунда Куланак ГЭСинин курулушу башталды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган гидроэлектрстанциянын кубаттуулугу 100 МВт болору пландалууда.

ГЭС ишке киргенде жылына 450 миллион кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүп жатат.

Белгиленгендей, бул бүтүндөй Нарын облусу электр энергиясы менен толук камсыздалат дегенди түшүндүрөт.

Куланак ГЭСи иштеп баштаса 100гө жакын туруктуу жумуш орду түзүлөт.

Долбоордун жалпы наркы 124 миллион долларга бааланууда.