Кыргыз учактарын «кара тизмеден» чыгаруунун жол картасы түзүлө баштады

Кыргыз учактарын «кара тизмеден» чыгаруунун жол картасы түзүлө баштады. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев билдирди. Анын айтымында, өлкө 2023-жылы учуу коопсуздугунун сегиз критикалык элементтери боюнча Эл аралык авиация уюмунун толук кандуу аудитинен өтөт. Белгилеп кетсек, Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын сапатына жана учуу коопсуздугуна… Кененирээк…

Баткенди калыбына келтирүүгө бюджеттен 100 миллион сом которулду

Баткенди калыбына келтирүүгө бюджеттен 100 миллион сом которулду. Каржы министрлигинен билдиришкендей, мындан тышкары чек ара аймактарына 110 миллион сом берилди. Ал эми Баткенге жардам берүү максатында ачылган атайын эсептен 84 миллион сом чыгымдалган. Маалыматка ылайык, бул каражат кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалда жабыркаган тургундарга ыкчам… Кененирээк…

Өлкө мектептеринде күзгү каникулдар узагыраак болот

Өлкө мектептеринде күзгү каникулдар узагыраак болот.   “Кабар” агенттигине Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, базистик окуу планына ылайык, окуучулар 31-октябрдан 6-ноябрга чейин эс алат.   7-8-ноябрь кызыл дата болгондуктан, экинчи чейрек мектептерде 9-ноябрда башталат. Эске салсак,   7-8-ноябрда Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет.

Машыгуучу учакта жабыркагандардын биринин абалы оор

Авиациялык коллеждин курсанттарын машыктыруу учурунда кулаган учактагы эки адамдын биринин абалы оор. Ал Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин кароосунда жатканын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 21-октябрда билдирди.   Маалыматка ылайык, жабыркагандардын бири — коллеждин 22 жаштагы курсанты. Ал башынан жараат алып, мээси чайкалганы кабарланган.… Кененирээк…

Кыргызстанда дарыларды көзөмөлдөө системасы ишке кирди

Кыргызстанда дарыларды көзөмөлдөө системасы ишке кирди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ага бардык дарыканалар, фармацевтикалык компаниялар, мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдары жана башка катышуучулар кошулат.   Система дары-дармектин өлкөгө киргенден тартып, дарыканалардан акыркы керектөөчүгө чейин жеткенин көзөмөлгө алып, препараттардын жана медициналык буюмдардын коопсуздугун камсыздап, контрабандалык продукцияга… Кененирээк…

Чүйдүн Восток айылында кездеме сактаган кампа өрттөндү

Аламүдүн районунун Восток айылында кездеме сактаган кампадан өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.   «Жерине саат 04:45те ӨКМдин өрт өчүрүүчү 5 бөлүмү, ыкчам топ, саат 07:00дө «Тазалык» ишканасынан суу ташыган эки автоунаа барган. Тилсиз жоо эртең мененки саат 07:48де чектөөгө алынды», — деп жазылат кабарда.… Кененирээк…

Парламент чек арага жакын аймактарда жашагандарга “өзгөчө учурларда” курал берүү жөнүндө мыйзам долбоорду 3 окууда жактырды

Парламент чек арага жакын аймактарда жашагандарга “өзгөчө учурларда” курал берүү жөнүндө мыйзам долбоорду 3 окууда жактырды. Бул демилгени 63 депутат колдоп, 3 гана эл өкүлү каршы чыкты.   Буга чейин бул суроо жабык эшик артында талкууланган. Мыйзам долбооруна ылайык, өзгөртүүлөр 4 мыйзамга киргизилет – “Мобилизациялык… Кененирээк…

АКШ тургуну эски унаасынын жардамы менен джекпот утуп алды

АКШ тургуну эски унаасынын жардамы менен джекпот утуп алды. Мэриленд штатынын тургуну эсептегичи 84466 мильди көрсөткөн бойдон бузулуп калган эскилиги жеткен унааны сатып алган.   Ошондон кийин ал лотерея билеттерин сатып алып, дал ушул сандарды жаза берген. Акыры дал ошол сандар ага 25 миң доллар,… Кененирээк…

Баткендеги соңку каргашада каза болгон аскер кызматкерлеринин ар биринин үй-бүлөсүнө 1 миллион 200 миң сом жана батир берилет

Баткендеги соңку каргашада каза болгон аскер кызматкерлеринин ар биринин үй-бүлөсүнө 1 миллион 200 миң сом жана батир берилет.   Бул тууралуу президент Садыр Жапаров чек ара маселесине байланыштуу жарандык активисттер, чек арага жакын айылдардан келген өкүлдөр менен өткөргөн жыйында билдирди.  Өлкө башчынын айтымында, ал эми… Кененирээк…

Бишкектеги жаңы административдик борбордун курулушу кийинки жылдын  31-августуна чейин аяктайт

Бишкектеги жаңы административдик борбордун курулушу кийинки жылдын  31-августуна чейин аяктайт. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, объект буга чейин түрттүрүлгөн “Ысык-Көл” мейманканасынын ордунда пайда болот.   Кийин жаңы борборго министрлер кабинетинин бардык кызматкерлери көчүрүлөт. Ал эми азыркы өкмөт имаратына Бишкек мэриясы көчөт, муниципалитеттин имаратында болсо президенттин Чүй… Кененирээк…