Баткен аэропорту бир айдан кийин ишке берилери күтүлүүдө.
«Манас» эл аралык аба майданынын өкүлү Бакытбек Бекбача уулунун айтымында, ремонт иштери ноябрдын аягында аяктайт.
Белгилеп кетсек, аталган аэрпортто учуп-конуу тилкеси талапка жооп бербейт деген негизде Жарандык авиация агенттиги 1-сентябрда сертификатты узарткан эмес.
Мындан улам, 3-сентябрдан тарта мобилизация башталган.
Учурда тешиктери бүтөлүп, биринчи катмары төшөлүп бүттү.