Кыргызстан Борбор Азиядагы жарым-жартылай эркин Интернети бар жалгыз өлкө аталды

Кыргызстан Борбор Азиядагы жарым-жартылай эркин Интернети бар жалгыз өлкө аталды.

Freedom House уюмунун маалыматы боюнча, мамлекет мүмкүн болгон 100 баллдан 53 упай топтогон.

Казакстан 32, Өзбекстан 27 упайга ээ.

Тажикстан менен Түркмөнстан рейтингде такыр эле жок.

Тизме өткөн жылдын 1-июнунан ушул жылдын 31-майына чейин алынган маалыматтардын негизинде түзүлгөн.

Эксперттер үч негизги пунктка баа беришти: Интернетке кирүүдөгү тоскоолдуктар, мазмунга кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөө жана колдонуучулардын укуктарын бузуу.

Интернети эң эркин болгон алдыңкы 5 өлкөнүн катарына Исландия, Эстония, Коста-Рика, Канада жана Тайвань кирди.