Бишкекте “Таза шаар” долбоорун ишке ашырууга Евразиялык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы колдоо көрсөтөт

Бишкекте “Таза шаар” долбоорун ишке ашырууга Евразиялык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Климаттык фонд борборунун директору Дастан Абдылдаев билдирди.   Анын айтымында, долбоор унаалардын, ЖЭБдин жана жаңы конуштардын экологияга тийгизген таасирин анализдөөгө жардам берет. Инвестициялык долбоордун бир бөлүгү гранттык болсо,… Кененирээк…

Энергокомпанияларга авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди

Энергокомпанияларга авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди. Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиевдин айтымында, күзгү-кышкы сезонго даярдык иштери өз учурунда аякташы керек.   Андан тышкары, колдонулган каражаттын анализи жүргүзүлүп, аткарылган жумуштардын сапаты текшерилет. Кандайдыр бир бузуулар аныкталса, компаниялардын жетекчилигине карата чаралар көрүлөт.

АКШда жаака чабуу боюнча лига жаралды

АКШда жаака чабуу боюнча лига жаралды. Спорттун бул түрү жакында эле пайда болуп, аны Невада штатынын атлетикалык комиссиясы жактырды. Соңку жылдары жаакка чабуу боюнча мелдештер Америкада популярдуу болуп жатат.   Аларда катышуучулар жөн гана бирин бири жаакка чабат. Лига алдындагы турнир Лас-Вегаста өтөт. Алгачкы чемпионат… Кененирээк…