Кыргызстандык спортчулар кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди

Кыргызстандык спортчулар Түркиядагы кол күрөш (армрестлинг) боюнча дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Учурда Анталия шаарындагы армрестлинг жана пара армрестлинг боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат.

Аталган мелдеште Кыргызстандык спортчулар эки алтын, жети күмүш, төрт коло утту.

Чемпионат 23-октябрда жыйынтыктайт.