Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун негиздемесин каржылоо макулдашылды

Кытай жана Өзбекстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну каржылоого катышууга макулдук берди.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын директору Азамат Сакиевдин айтымында, биринчи этапта Кыргызстан жалпы сумманын 20 пайызын төгөт.

Ал эми экинчи этапта Кыргызстан 10, Өзбекстан 30 пайыз берет.

Үчүнчү этапта Кытай 30 процент төлөйт.

Төртүнчү этапта ар бир өлкөгө бирдей үлүш туура келет.

Азырынча негиздемени иштеп чыгууга канча каражат кетери белгисиз.