Дүйнөдөгү эң бийик мунара Дубайдагы Бурдж-Халифа кыргыз желеги менен жаркырады

Дүйнөдөгү эң бийик мунара Дубайдагы Бурдж-Халифа кыргыз желеги менен жаркырады. Бул биздин өлкө президентинин Бириккен Араб Эмирлигине болгон иш сапарына байланыштуу болду.   Эске салсак, Бурдж-Халифанын бийиктиги 828 метр жана ал 163 кабаттан турат.

Бишкек – Алматы каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү электробус менен ташуу сунушталды

Бишкек – Алматы каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү электробус менен ташуу сунушталды. 28-октябрда Казакстанда Алматы — Бишкек экономикалык коридору боюнча кыргыз-казак жумушчу тобунун экинчи отуруму өттү.   Иш-чара Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен уюштурулду. Анда Алматы — Ысык-Көл альтернативалык жолун куруу боюнча мамлекеттик-менчик өнөктөштүк долбоорунун учурдагы абалы… Кененирээк…

Өлкө дыйкандары быйыл мамлекет тарабынан убадаланган насыянын үчтөн бир бөлүгүн гана алышты

Өлкө дыйкандары быйыл мамлекет тарабынан убадаланган насыянын үчтөн бир бөлүгүн гана алышты. Бул тууралуу парламенттин агрардык саясат боюнча комитеттин отурумунда белгилүү болду.   Айыл-чарба министринин орун басары Жибек Дүйшееванын айтымында, жергиликтүү фермерлер бул долбоордун алкагында 3,4 миллиард сом алган.   Ал эми депутаттар жыл аяктап… Кененирээк…

Кочкор районунда жаңы мектеп пайда болот

Кочкор районунда жаңы мектеп пайда болот. Кара-Суу айылында 375 окуучуга чакталган билим берүү мекемесинин курулушуна тендерди жергиликтүү капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.   Долбоордун сметалык баасы 126,5 миллион сомду түзөт. Белгилеп кетсек, Кара-Суу айылындагы азыркы мектеп имараты тар болгондуктан, окуучулар 3 смена менен окууга аргасыз.

Эртең, 3-ноябрдан тарта Дубайдан Ошко кошумча авиакаттамдар ачылат

Эртең, 3-ноябрдан тарта Дубайдан Ошко кошумча авиакаттамдар ачылат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, учактар дүйшөмбү, шейшемби, бейшемби жана жума күндөрү учат.   Андан тышкары, Бириккен Араб эмирлиги Кыргызстанды сунушталган туристтик багыттар тизмесине киргизүүнү пландап жатат. Бул кийинки жайкы сезондо Дубайдан Тамчыга түз аба каттамдарын ачууга… Кененирээк…

Москвадан Тамчы аэропортуна кошумча каттам ачылды

Москвадан Тамчы аэропортуна кошумча каттам ачылды. Россиялык авиакомпаниянын учактары аталган багыт боюнча жумасына бир жолу – ишемби күндөрү учат. Январдан тарта Москвадан каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда.   Күтүлгөндөй, жаңы жылдан баштап Тамчыга шейшемби жана бейшемби күндөрү дагы учуп келсе болот. Эске салсак, буга чейин Санкт-Петербург… Кененирээк…

Telegram мессенджеринде кезектеги жаңы функция

Telegram мессенджеринде кезектеги жаңы функция. Эми колдонуучулар анын жардамы менен видеодогу кепти текстке айландыра алат. Бул опция азырынча мессенджерге премиум катары жазылгандарга жеткиликтүү.   Андан тышкары, тайпалардын ичинде өзүнчө темалар боюнча кичи баарлашуу тайпаларын түзсө дагы болот. Ошондой эле 12 эмодзи топтому пайда болду.

Франция курамасынын жарым коргоочусу Поль Погба Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына катышпайт

Франция курамасынын жарым коргоочусу Поль Погба Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына катышпайт. Оюнчунун агенти билдиргендей, футболчу тизесине операциядан кийин калыбына келиши керек.   Погба Франция курамасы үчүн 9 жылдан бери ойноп келет. Команданын курамында ал 2018-жылы дүйнө чемпионатын, Улуттар лигасын утуп, Европа чемпионатынын күмүш медалчысы… Кененирээк…

Бишкекте туристтер үчүн “Босого” борбору ачылды

Бишкекте туристтер үчүн “Босого” борбору ачылды.   Бул өлкө конокторуна бардык керектүү маалыматты берүүчү жер, — дешти Туризмди өнүктүрүү фондунан. Борбор ордо калаанын Эмен багынын ичинде орун алат.   Анда туристтик агенттиктердин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү иштеп, туристтерге банк картасын ачуу, сим-карта сатып алуу, унааны… Кененирээк…

Президенттин БАЭге болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 30-октябрдан 1-ноябрга чейин Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Жапаров иш сапарынын алкагында БАЭнин президенти — шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу, соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана… Кененирээк…