Эртең, 3-ноябрдан тарта Дубайдан Ошко кошумча авиакаттамдар ачылат

Эртең, 3-ноябрдан тарта Дубайдан Ошко кошумча авиакаттамдар ачылат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, учактар дүйшөмбү, шейшемби, бейшемби жана жума күндөрү учат.

 

Андан тышкары, Бириккен Араб эмирлиги Кыргызстанды сунушталган туристтик багыттар тизмесине киргизүүнү пландап жатат. Бул кийинки жайкы сезондо Дубайдан Тамчыга түз аба каттамдарын ачууга мүмкүнчүлүк берет.