Бишкекте туристтер үчүн “Босого” борбору ачылды.
Бул өлкө конокторуна бардык керектүү маалыматты берүүчү жер, — дешти Туризмди өнүктүрүү фондунан. Борбор ордо калаанын Эмен багынын ичинде орун алат.
Анда туристтик агенттиктердин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү иштеп, туристтерге банк картасын ачуу, сим-карта сатып алуу, унааны же батирди ижарага алуу, конок үйлөрүнүн даректери жана туристтик каттамдар тууралуу бардык маалыматты айтып беришет.