Өлкө дыйкандары быйыл мамлекет тарабынан убадаланган насыянын үчтөн бир бөлүгүн гана алышты. Бул тууралуу парламенттин агрардык саясат боюнча комитеттин отурумунда белгилүү болду.
Айыл-чарба министринин орун басары Жибек Дүйшееванын айтымында, жергиликтүү фермерлер бул долбоордун алкагында 3,4 миллиард сом алган.
Ал эми депутаттар жыл аяктап калганына карабай, калган 6,6 миллиард сом өздөштүрө электигин белгилешти.