Кочкор районунда жаңы мектеп пайда болот

Кочкор районунда жаңы мектеп пайда болот. Кара-Суу айылында 375 окуучуга чакталган билим берүү мекемесинин курулушуна тендерди жергиликтүү капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.

 

Долбоордун сметалык баасы 126,5 миллион сомду түзөт. Белгилеп кетсек, Кара-Суу айылындагы азыркы мектеп имараты тар болгондуктан, окуучулар 3 смена менен окууга аргасыз.