“Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамы жети жаранга ыйгарылды

“Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамын жети жаранга ыйгарды. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, алар төмөнкүлөр: — Аматов Рысбай Аматович — Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; — Жумабаев Буркан… Кененирээк…

Бишкектин Садыгалиев көчөсүндө арзан көмүр сатыла баштады

Бишкектин Садыгалиев көчөсү, 7 дарегине Кара-Кеченин көмүрү вагон менен келди. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы билдиргендей, кара отун 4 миң сомдон сатылып жатат. Белгиленгендей, керектөөчүлөр аталган дарек аркылуу барып арзан кесек көмүр сатып алса болот.

Эртең Бишкектин үч конушунда ичүүчү суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин «Энесай», «Дордой-1» жана «Дордой-2» жаңы конуштарында суу убактылуу өчүрүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, 15-ноябрда эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Муну себеби… Кененирээк…