Кыргызстанда керектөөчү баалар жыл башынан бери 12.1 пайызга өстү.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Анын ортосунда, алкоголдук ичимдиктердин жана чылымдын баасы дээрлик 19.5 пайызга, азык-түлүк – 13 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар – 10, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифи 8 пайызга кымбаттады.
Баалардын көтөрүлүшү бүт аймактарда каталды. Бирок эң эле максималдуу көрсөткү – Нарын облусуна туура келет. Бул региондо алкоголь жана тамекинин баалар 1.5 эсе кымбаттады.