Москвада Кыргызстандын эмгек министрлигинин өкүлчүлүгү ачылды

Москвада Кыргызстандын эмгек министрлигинин өкүлчүлүгү ачылды.

 

Анда кыргызстандык мигранттарга ишке орношуудагы ар кандай учурларда колдоо көрсөтүлөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бул жерде эмгек кодекси, миграция боюнча маалымат берилип, мекендештер жумуш издөөдө, Россиянын иш берүүчүлөрү менен байланышууда же алар менен келишим түзүүдө кеп кеңеш алса болот.

 

Өкүлчүлүк Москва шаарынын Малая Поляна 7, курулуш 5 дарегинде жайгашат.