Кыргызстандык Бектен Эркебай уулу самбо боюнча дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду.
Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, ал килемге 88 килограмм салмакта чыгып, 3 беттеш өткөрдү.
Марокко жана Египеттен келген атаандаштарын утуп, бирок беларустук спортчуга утулуп, 3-орунду ээледи. Биринчиликтин алкагында Кыргызстан капчыгында 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медалдар бар.