Бишкекте мектеп автобустары пайда болушу мүмкүн

Бишкекте мектеп автобустары пайда болушу мүмкүн. 24 агенттигине мэриядан билдиришкендей, долбоор Транспорт департаменти менен биргеликте ишке ашат.   Алгач сыноо иретинде 15 мектепти камтый турган 2 автобустук каттамды кое берүү пландалууда. Долбоор болжол менен 21-ноябрда старт алат. Мектеп автобустарында окуучулар үчүн жол кире тарифи боюнча… Кененирээк…

Коргоо министрлиги ыкчам кызмат өтөө мөөнөтүн узартууну сунуштады

Коргоо министрлиги ыкчам кызмат өтөө мөөнөтүн узартууну сунуштады. “Жалпы аскердик милдеттенмелер жөнүндө” мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, келишим менен аскердик кызмат өтөө мөөнөтү 5 жылдан 10 жылга узартылат.   Анын ортосунда, ыкчам аскер кызматкерлери тиешелүү 12 ай жана дагы кошумча 2 ай аскердик кызматтан өтөт.  … Кененирээк…

Өзбекстан менен чек аранын такталбаган тилкелери боюнча макулдашуу парламенттин кароосуна келип түштү

Өзбекстан менен чек аранын такталбаган тилкелери боюнча макулдашуу парламенттин кароосуна келип түштү.   Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Макулдашууга Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүү пункту дагы камтылган. Күтүлгөндөй, документ жакынкы күндөрү ратификацияланат, андан кийин тилкелерди тактоо иштери жүргүзүлөт.

Бишкекте Улуттук салык форуму өтөт

Ушул жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында «Салык кызматы салык төлөөчүнүн кызыкчылыгы үчүн» темасында биринчи Улуттук салык форуму өтөт. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана бардык кызыкдар болгон салык төлөөчүлөр катышат. Форумдун катышуучулары үч талкуу сессиясында салык… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард доллардан ашты

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард доллардан ашты. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, анын ичинен дээрлик 80 пайызы мамлекеттик тышкы бересе, 20 пайызы ички карыз. Быйылкы жылдын ушул мезгилине чейин мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 28 миллиард 850 миллион сомдон ашык бөлүндү. 2022-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын республикалык… Кененирээк…

Бишкектин жети жерине жол чырактар орнотулат

Бишкектин жети жерине жол чырактар орнотулат. Мэриянын маалыматына ылайык, Унаа жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти бул боюнча тендер өткөргөн. Ага ылайык, жол чырактар ушул айдын аягына чейин бүткөрүлүп, ишке киргизилет. Жол чырактар төмөнкү жолдордун кесилишинде орнотулат: — Л.Толстой – М. Ауэзов көчөсүндө; — Профсоюзная –… Кененирээк…

Түркиянын Стамбул шаарындагы жардырууга тиешеси бар 22 адам кармалды

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Стамбулдагы жардырууга тиешеси бар 22 адам кармалганын билдирди. Укук коргоо органынын башчысы журналисттер менен жолугушууда кабарлагандай, бийликке теракт кимдер тарабынан жасалганы маалым. «Бизде кайдан чыккан жери, кайсы жерде буйрук алынганы жана акцияны аткарган адамдар тууралуу маалыматтар бар. Биздин баамыбызда… Кененирээк…

Боом капчыгайында дээрлик бир жума бою унаа кыймылы чектелет

Бүгүнтөн тарта 19-ноябрга чейин Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, чектөөлөр жол оңдоо иштерине байланыштуу. Мындан улам, Бишкек — Балыкчы —Нарын — Торугарт унаа жолу менен жүрүү каршы тилкеде гана жүргүзүлөт.

«Рух Ордо» этнокомплексине Ташкул Керексизовдун айкели тургузулду

Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» этнокомплексинде мамлекеттик жана коомдук ишмер, меценат Ташкул Керексизовдун эстелигинин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарада Ташкул Керексизовдун басып өткөн жолу, калтырып кеткен эмгектери эскерилди. Эстелик Урал монументалдык искусство борборунун президентинин демилгеси менен биргеликте алынып келинген. Ташкул… Кененирээк…

Теңгиз Бөлтүрүк кийинки жылга чейин камакта калтырылды

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-январына чейин камакта калтырылды. Мындай чечим Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда кабыл алынды. Мындан мурда октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрүктү 2022-жылдын 10-ноябрына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Эске салсак, Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компанидеги” коррупциялык кылмыш… Кененирээк…