Жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриенттерге кышкы жалпы республикалык тестирлөө 26-27-ноябрда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-ноябрда тестирлөө борборлору даярдалып, ушул эле күнү тест борборлорунун базасында саат 1ден 5ке чейин абитуриенттерди кошумча каттоо жүргүзүлөт.
Сынак ордо калаанын №72 жана №95 мектептеринде, ал эми Ошто “Жетиген” мектеп-лицейинде өтөт.