Кыргызстанда кыйноо фактылары азайганы кабарланды

Кыргызстанда акыркы беш жыл ичинде ички иштер органдарында кыйноого алуу фактылары бир жарым эсе азайды.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматына караганда, 2018-жылы тергөө абактарында жана убактылуу кармоочу жайларда ар бир үчүнчү киши кыйноого кабылганын билдирсе, акыркы мезгилде ар бир бешинчи киши кайрылууда.

Кыргызстан 2008-жылы БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясына кошулган.

Анын алкагында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор түзүлгөн.