ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Бишкекке келди

Евразиялык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйын 9-декабрда Бишкекте өтөт.

Маалыматка ылайык, 8-декабрда Михаил Мясникович министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Бишкек инвестициялык саммитинин ачылышына конок катары катышат.

Ошондой эле ал Евразиялык экономикалык комиссиянын иш алып барганына 10 жыл болгондугуна карата уюштурулуп жаткан илимий-практикалык конференциянын ишине катышмакчы.

Андан тышкары, Михаил Мясниковичтин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуусу пландалган.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтөт.

Анын ишине Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.