Бишкектеги суук декабрдын ортосуна чейин сакталат.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, ушул жуманын аягында суук дагы күчөйт. Эс алуу күндөрү аба табы ордо калаада күндүз -10, ал эми түнкүсүн -13 градуска чейин түшөт.
Бейшембиде кар жаап, жума күнгө чейин токтобойт. 15-декабрдан кийин гана суук бир аз кайтып, жылуураак болот.