Шри-Ланка чет элдик туристтер үчүн бардык чектөөлөрдү алып салды.
Мындан ары саякатчылар чек арадан өтүүдө эмдөө сертификатын көрсөтпөй эле койсо болот.
Мындан тышкары, туристтердин ПЦР-тест тапшыруу милдети жоюлду.
Жеңилдик бүгүн күчүнө кирди.
Бирок, республикага киргенден кийин чет өлкөлүк жаран коронавируска тесттин оң жыйынтыгын алса, ал өз эсебинен жети күндүк карантинден өтүшү керек.