Волейбол боюнча Кыргызстандын кубогу жыйынтыкталды

Бүгүн, 7-декабрда волейбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өтүп жаткан Кыргызстандын кубогу жыйынтыкталды.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке жалпы 21 команда катышты.

Эркектер клубдук командалар арасында биринчи орунду “Бүркүт” командасы, “Кыргызстан” командасы экинчи жана “ВВ МВД” командасы үчүнчү орунду ээледи.

Ал эми кыз-келиндер арасында биринчи орунду “Дордой” командасы, экинчи “Салам-Алик” жана үчүнчү орунду “Улар” командасы камсыз кылды.

Мелдеш 2-декабрда башталып, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү.