Жыл башынан бери мамлекеттик карызды жабууга 30 млрд сом бөлүндү

Кыргызстан жыл башынан бери мамлекеттик карызын жабууга республикалык бюджеттен 30 миллиард сомдон ашуун бөлдү.

Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, анын 10 миллиарды ички карызга, 20 миллиард сомдон көбү тышкы карызга кетти.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызынын жалпы суммасы дээрлик 435 миллиард сомду түзөт.

Тышкы карыздын 42 пайызы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынган.