Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, калың жааган кардын кесепетинен Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Чычкан ашууларында көчкү түшүү коркунучу жаралды.
Айдоочулар бул тилкелерден өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы керек.
Мындан тышкары, күрөк жана чынжырларды ала жүрүү зарыл.