Кыргызстанда жумушсуз адамдардын саны 102 миңди түзөт

Кыргызстанда жумушсуз адамдардын саны 102 миңди түзөт. 1-ноябрга карата маалыматты Улуттук статистика комитети тартуулады. Өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, бул көрсөткүч дээрлик 1,5 пайызга азайды.   Иши жок адамдардын эң чоң үлүшү Жалал-Абад жана Ош облустарына туура келет. Эң аз – Ош шаарында… Кененирээк…

Кыргызстан жана Тажикстан чек аранын 17 чакырымында долбоордук тактоо иштерин жүргүздү

Кыргызстан жана Тажикстан чек аранын 17 чакырымында долбоордук тактоо иштерин жүргүздү. Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, эки өлкө делегацияларынын жолугушуусу Баткенде 1-декабрдан 6-декабрга чейин өттү.   Тараптар 2023-жылга жумуштардын графигин түздү. Кийинки жолугушуу Тажикстанда өтөт. Эске салсак, эки өлкө чек арасынын жалпы узундугу 970 чакырым. Учурга… Кененирээк…

Кыргызстанда айдоочулар унааны мас абалында башкаруу үчүн күбөлүгүнөн ажыратылат

Кыргызстанда айдоочулар унааны мас абалында башкаруу үчүн күбөлүгүнөн ажыратылат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын начальниги Азамат Исираилов билдирди.   Анын айтымында, эми мындай бузуу үчүн айып салынбайт, дароо айдоочу күбөлүгү тартып алынат. Биринчи ирет катталса – бир жылга, экинчи ирет –… Кененирээк…

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтун жолугушуусу өттү

Тажикстан менен 17,66 чакырым узундуктагы чек ара сызыгынын долбоордук сыпаттамасы аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөтү билдирди. 1-декабрдан 6-декабрга чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өткөн. «Тараптар жалпы узундугу 17,66 чакырымды түзгөн… Кененирээк…

Япония почтасында учкучсуз аппараттар колдонулат

Япония почтасында учкучсуз аппараттар колдонулат. Кеп атайын кат жана посылкаларды жеткирүүгө арнап чыгарылган дрон тууралуу болуп жатат.   Шайман салмагы 5 килограммга чейинки жүктү 35 чакырым аралыкка жеткире алат.   Жеткирүүнүн бул түрү алыскы жана тоолуу райондорго кат жеткирүү үчүн колдонулары айтылууда.

Кыргызстандын 3 ашуусу унаа кыймылына жабылды

Кыргызстандын 3 ашуусу унаа кыймылына жабылды.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, райондук администрациялардын чечими менен жол кырсыктарын алдын алуу максатында Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолундагы Чапчыма ашуусу, Жалал-Абад – Казарман унаа жолундагы Сары-Кыр жана Ат-Башы – Кында – Торугарт трассасындагы Кында ашуусу… Кененирээк…

Алтын бере турган дүйнөдөгү алгачкы банкомат Индияда пайда болду

Алтын бере турган дүйнөдөгү алгачкы банкомат Индияда пайда болду. Хайдарабад шаарындагы аппаратка салмагы 100 граммга чейинки 5 килограмм тыйындар батат.   Биринчи күндө эле 20 киши банкомат менен колдонгону айтылууда. Ойлоп табуучулардын айтымында, аппараттын жардамы менен каалоочулар банктарга же зер буюмдар дүкөнүнө барбастан, акчасын алтын… Кененирээк…

Аба-ырайынын начар шарттарына байланыштуу инспекторлор айдоочуларды өзгөчө этият болууга чакырат

Аба-ырайынын начар шарттарына байланыштуу инспекторлор айдоочуларды өзгөчө этият болууга чакырат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, трассаларда муз тоңуп, карт күрткүлөр пайда болду.   Коюу туман баскандыктан, көрүү кескин начарлады. Андыктан, айдоочуларга мүмкүң болсо тоолуу трассаларга сапарга чыгуудан баш тартуу сунушталат.   Өз кезегинде… Кененирээк…

Бишкектин 12-кичи районуна жылуулук жана ысык суу кечкиге чейин берилет

Бишкектин 12-кичи районуна жылуулук жана ысык суу кечкиге чейин берилет. “Бишкек жылуулук тармактарынан” билдиришкендей, түндө түтүктөрдө жарылуу катталды.   Учурда адистер калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат. Авариялык кырдаал кечкиге чейин толугу менен жоюлушу күтүлөт.

Мэрия Бишкектин жаңы жылдык эң мыкты жасалгасына сынак жарыялады

Мэрия Бишкектин жаңы жылдык эң мыкты жасалгасына сынак жарыялап, шаардыктарды ага активдүү катышууга чакырды. Шаардын маалымат кызматы сынак 2023-Жаңы жылды майрамдоого карата көчө, аянт жана имараттарды жасалгалоонун мыкты чечимдерин, оргиналдуу идеяларын табуу максатында өткөрүлөрүн билдирди. «Сынакка катышуу үчүн билдирмелерди 2022-жылдын 31-декабрына чейин борбор калаанын мэриясынын… Кененирээк…