Криштиану Роналду араб клубуна өтөөрү тууралуу кептерди четке какты

Криштиану Роналду 1-январдан тарта арабдардын «Аль Наср» клубуна өтөт деген кептерди четке какты.

Журналисттердин тиешелүү суроосуна футболчу «бул чындыкка дал келбейт» деп жооп берди.

Кийинчерээк чабуулчу Чемпиондор Лигасынын клубунун сунушун күтүп жаткандыктан, «Аль-Насрга» өтүүгө макул болбогону белгилүү болду.

Массалык маалымат каражаттары келишимдин каржылык жагы Роналду үчүн чоң роль ойнобой турганын, ал Европада калгысы келерин жазышууда.

Эске салсак, буга чейин «Аль-Наср» футболчуга сезон үчүн 200 миллион евро маяна убада кылганы тууралуу маалымат чыккан.