Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Бек-Абад” өткөрмө бекетин оңдоп-түзөө иштери аяктады

Сузак районуна караштуу кыргыз-өзбек чек арасындагы “Бек-Абад” өткөрмө бекетин оңдоп-түзөө иштери аяктады.

Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, постту жаңыртууга мамлекеттик бюджеттен 3 миллион сом бөлүнгөн.

Бекет Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынан кийин ачылат деп күтүлүүдө.

“Бек-Абад” посту ишке кирсе, Жалал-Абад жана Ош шаарларына коңшу өлкөнүн Ханабад шаары аркылуу жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.