Жыл башынан бери кыргызстандык мигранттар мекенине дээрлик 2,5 миллиард доллар которду

Жыл башынан бери кыргызстандык мигранттар мекенине дээрлик 2,5 миллиард доллар которду. Бул 2021-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 9,5 пайызга көп.   Улуттук банктын маалыматына ылайык, өтүп бара жаткан жылдын жыйынтыгы менен мигранттардын которуулары 3 миллиард долларга жетет деп болжолдонууда.   Бул коммерциялык банктар аркылуу… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарынын аймагын кеңейтүү пландалууда

Жалал-Абад шаарынын аймагын кеңейтүү пландалууда. Novosti.kgге жергиликтүү мэриядан такташкандай, бул калаага жанаша жайгашкан Сузак, Барпы, Кызыл-Туу, Таш-Булак, Ырыс айыл аймактарынын эсебинен ишке ашат. Тагыраагы, жогорудагы айылдар шаарга кошулат. Муну менен 8 миң 728 гектарды түзгөн аймак 12 миң 879 гектарга чейин кеңейет. Ошондой эле аэропорт… Кененирээк…

Виртуалдык активдер валюта же баалуу кагаз болуп эсептелбейт

Кыргызстанда виртуалдык активдер валюта же баалуу кагаз болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Регулятор сом өлкөдөгү жападан жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты экенин эскертет, ал төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча чектөөсүз кабыл алынышы керек. Андыктан, виртуалдык активдер менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөөгө, ошондой эле аларды… Кененирээк…

Катар-2022: мундиалдын жеңүүчүсү өз тарыхында үчүнчү жолу кубокко ээ болот

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү өз тарыхында үчүнчү жолу кубокко ээ болот. 18-декабрь, жекшемби күнү дүйнөнүн эң мыкты футбол командасы аныкталат. Ал үчүн Аргентина менен Франция командалары беттешет. Эки курама тең Дүйнө чемпиондугунда экиден жеңишке ээ – Түштүк Американын командасы 1978 жана 1986-жылдары, ал эми… Кененирээк…

Карантинге жабылган мектеп менен бала бакчалардын саны эки эсе көбөйдү

Өлкөдө карантинге жабылган мектептер менен бала бакчалардын саны бир күндө эки эсеге көбөйдү. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандагы 509 мектептин окуучулары же дээрлик ар бир бешинчи мектеп курч респиратордук вирустар жана сасык тумоого байланыштуу онлайн окууга өткөрүлдү. 1 миң 700 бала бакчанын 168и… Кененирээк…

Ош шаарына жаңы троллейбус линиясын ачуу пландалууда

Ош шаарына жаңы троллейбус линиясын ачуу пландалууда. Бул линиянын узундугу бир тарапка 6,3 чакырымды түзүп, каттам калаанын калкы эң жыш жайгашкан Араванская, Кулатов, Анар, Ак-Тилек кичи райондору аркылуу өтөт, — деп билдиришти түштүк борбордун мэриясынан. Маалыматка ылайык, шаардын электр коомдук транспортун модернизациялоо долбоорунун алкагында 50… Кененирээк…

Диетологдор эмне үчүн сүт кошулган кофени көп ичпөө керектигин айтышты

Диетологдор эмне үчүн сүт кошулган кофени көп ичпөө керектигин айтышты. Көпчүлүк кофени сүт менен гана ичүүгө көнүп калышкан. Бирок бул айкалыш организмге кош таасир этет. Адистердин айтымында, кофеин организмге кальцийдин сиңүүсүн кечеңдетүүгө жөндөмдүү, ал эми сүт азыктары бул эффектти минималдаштырат. Ошондой эле, кофенин курамында көп… Кененирээк…

Катар-2022: Финалда Франция менен Аргентина беттешет

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында Франция менен Аргентина беттешет. Оюн 18-декабрда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 9да башталат. Жарым финалда Франция менен Марокконун футболчулары түндө оюн өткөрүп, 2:0 эсебинде Франциянын жеңиши менен аяктады. Марокко эми үчүнчү орун үчүн Хорватиянын командасы менен оюн… Кененирээк…

Жаңы Зеландияда тамеки чегүүгө тыюу салынды

Жаңы Зеландия 2008-жылдан кийин төрөлгөндөргө тамеки чегүүгө тыюу салды. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, мындан ары тамеки 2009-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөндөргө сатылбайт. Эреже бузгандар 96 миң доллар айып пул төлөйт. Жаңы Зеландия келечек муунга тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алган дүйнөдөгү биринчи өлкө болду.… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш Бишкектин мэрин кызматтан алууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровду кызматтан алуу маселесин көтөрүштү. Буга Бишкекте ыш көйгөйүн чечүү боюнча маалымат берүүгө Абдыкадыровдун келбегени, кара түтүн менен күрөшүүгө чара көрбөгөнү негиз экени айтылды. Парламент 14-декабрда Бишкекти каптаган түтүн боюнча маалымат алуу үчүн тиешелүү мекеме… Кененирээк…