Диетологдор эмне үчүн сүт кошулган кофени көп ичпөө керектигин айтышты

Диетологдор эмне үчүн сүт кошулган кофени көп ичпөө керектигин айтышты.

Көпчүлүк кофени сүт менен гана ичүүгө көнүп калышкан. Бирок бул айкалыш организмге кош таасир этет.

Адистердин айтымында, кофеин организмге кальцийдин сиңүүсүн кечеңдетүүгө жөндөмдүү, ал эми сүт азыктары бул эффектти минималдаштырат.

Ошондой эле, кофенин курамында көп полифенол бар, алар картаюуну жайлатып, деменция коркунучун азайтат.

Суусундукка сүт кошуу бул заттардын өзүн толук көрсөтүүсүнө тоскоол болору белгиленди.

Мындан улам, сүт кошулган кофени аз ичүү сунушталат.