Жыл башынан бери кыргызстандык мигранттар мекенине дээрлик 2,5 миллиард доллар которду

Жыл башынан бери кыргызстандык мигранттар мекенине дээрлик 2,5 миллиард доллар которду. Бул 2021-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 9,5 пайызга көп.

 

Улуттук банктын маалыматына ылайык, өтүп бара жаткан жылдын жыйынтыгы менен мигранттардын которуулары 3 миллиард долларга жетет деп болжолдонууда.

 

Бул коммерциялык банктар аркылуу жүргүзүлгөн операциялар. Андан тышкары, накталай которуулар дагы бар.