Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү өз тарыхында үчүнчү жолу кубокко ээ болот.
18-декабрь, жекшемби күнү дүйнөнүн эң мыкты футбол командасы аныкталат.
Ал үчүн Аргентина менен Франция командалары беттешет.
Эки курама тең Дүйнө чемпиондугунда экиден жеңишке ээ – Түштүк Американын командасы 1978 жана 1986-жылдары, ал эми Европа курамасы 1998 жана 2018-жылдары кубокту алган.