Виртуалдык активдер валюта же баалуу кагаз болуп эсептелбейт

Кыргызстанда виртуалдык активдер валюта же баалуу кагаз болуп эсептелбейт.

Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Регулятор сом өлкөдөгү жападан жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты экенин эскертет, ал төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча чектөөсүз кабыл алынышы керек.

Андыктан, виртуалдык активдер менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөөгө, ошондой эле аларды баа катары көрсөтүүгө тыюу салынат.