Жалал-Абад шаарынын аймагын кеңейтүү пландалууда.
Novosti.kgге жергиликтүү мэриядан такташкандай, бул калаага жанаша жайгашкан Сузак, Барпы, Кызыл-Туу, Таш-Булак, Ырыс айыл аймактарынын эсебинен ишке ашат.
Тагыраагы, жогорудагы айылдар шаарга кошулат.
Муну менен 8 миң 728 гектарды түзгөн аймак 12 миң 879 гектарга чейин кеңейет.
Ошондой эле аэропорт шаар аймагына жакын жайгашкан райондордун бирине көчүрүлөт.
Белгилеп кетсек, учурда Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки башкы планы даярдалып жатат.