Карантинге жабылган мектеп менен бала бакчалардын саны эки эсе көбөйдү

Өлкөдө карантинге жабылган мектептер менен бала бакчалардын саны бир күндө эки эсеге көбөйдү.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандагы 509 мектептин окуучулары же дээрлик ар бир бешинчи мектеп курч респиратордук вирустар жана сасык тумоого байланыштуу онлайн окууга өткөрүлдү.

1 миң 700 бала бакчанын 168и карантинге жабылды.