Кувейт – Бишкек – Кувейт каттамы боюнча чартердик рейстердин саны көбөйтүлөт
Кувейт – Бишкек – Кувейт каттамы боюнча чартердик рейстердин саны көбөйтүлөт. “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 30-декабрда жана кирип келе жаткан жылдын 1-2-4-13-15-19-январында кошумча каттамдар киргизилет. Белгилеп кетсек, буга чейин Кувейттен Бишкекке учактар жумасына 4 жолу учуп келген.