Марокконун футбол боюнча курамасы дүйнө чемпионатынан алган сый акысын толугу менен кайрымдуулукка жумшады

Марокконун футбол боюнча курамасы дүйнө чемпионатынан алган сый акысын толугу менен кайрымдуулукка жумшады. Каражат аз камсыздалган үй-бүлөлөргө берилет.

 

Турнирде ойногону үчүн команда 25 миллион долларга ээ болду. Эске салсак, марокколук футболчулар Катарда өткөн мундиалда төртүнчү орунга ээ болушту. Муну менен Марокко дүйнө биринчилигинин жарым финалына жеткен алгачкы африкалык команда аталды.