Экс-президенттердин жеңилдиктерин чектеген мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда кабыл алынды. Документке ылайык, мурдагы өлкө башчысы айрым артыкчылыктардан ажыратылат.
Алардын арасында – мамлекеттик дачаларды өмүр бою пайдаланууга берүү, мамлекеттик кайтаруу, акысыз медициналык тейлөө, акысыз байланыш каражаттары менен колдонуу талаптары алынат. Ошондой эле кызматтан кеткен президент резиденциядагы үйдөн 1 айдын ичинде чыгып кетиши керек болот.
Демилгенин максаты – мамлекеттик каражатты жана мүлктү рационалдуу пайдалануу.