Талас облусунун Кара-Буура районунун аталышын Чыңгыз Айтматов деп өзгөртүү сунушталды

Талас облусунун Кара-Буура районунун аталышын Чыңгыз Айтматов деп өзгөртүү сунушталды.

 

Тиешелүү мыйзам долбоорун Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Элчибек Жантаев демилгелеп, парламентке алып келди.

 

Андан тышкары, Нарындын Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон Хан, Оштун Ноокат районундагы Борбаш айылынын аталышын Кайрагач, Таластын Кара-Буура районундагы Чымкент айылын Чолпонбай айылы деп өзгөртүү сунушталган. Документ биринчи окууда каралды.