Кыргызстанга 20 миллион сом инвестиция салгандар 10 жылга виза алат

Кыргызстанга 20 миллион сом инвестиция салгандар 10 жылга виза алат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда кабыл алынды. Документке ылайык, кыргыз экономикасына 10 миллион сомдон кем эмес инвестиция салган чет элдик жарандар үчүн инвестициялык визанын 5 жылдык мөөнөтүн белгилөө сунушталууда. Ал эми 20 миллион… Кененирээк…

Эки айда кыргыз көмүрүнүн Европага экспорту дагы 25%га өстү

Кыргызстан ушул жылдын 10 айында Европа өлкөлөрүнө 79 миң 526 тонна көмүр экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, күздөн бери аталган көлөмдүн төрттөн бир бөлүгү — 22 миң тоннадан ашыгы жеткирилген. Белгилеп кетсек, былтыр Европа өлкөлөрү Кыргызстандан катуу отун сатып алышкан эмес.… Кененирээк…

Накталай эмес төлөмдөр бардык мамлекеттик мекемелерде жеткиликтүү болот

Жарандарга акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөткөн бардык мамлекеттик мекемелерде накталай эмес төлөмдөр ишке ашырылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтомунда айтылат. Документке ылайык, мамлекеттик мекемелер 31-январга чейин атайын жабдууларды орнотуу боюнча банктар менен келишим түзүшү керек. Ал эми 2023-жылдын апрелинде келишим боюнча бардык милдеттенмелер аткарылышы зарыл.

Криштиану Роналду Сауд Арабияга келди

Криштиану Роналду Сауд Арабияга келди. Форварддын учагы “Аль-Наср” клубу жайгашкан Эр-Рияд шаарына конду. Жакынкы арада футболчу команданын жетекчилиги менен жолугушат.   Клуб өз кезегинде, Роналду менен келишимге тез арада кол коюу ниетинде. Эске салсак, “Манчестер Юнайтед” 22-ноябрда чабуулчу менен макулдашуу жокко чыгарылганын расмий жарыялады.  Буга… Кененирээк…

Бишкек бийлиги ордо калаанын 4 районунун аталышын өзгөртүү ниетинде

Бишкек бийлиги ордо калаанын 4 районунун аталышын өзгөртүү ниетинде. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Элчибек Жантаев билдирди.   Ал эске салгандай, бул маселе Элдик курултайда көтөрүлгөн. Чиновник белгилегендей, ведомство мыйзам иштеп чыгууга даяр жана жергиликтүү бийликтин сунуштарын күтөт. Кошумчалап кетсек,… Кененирээк…

Калың кар жааганына карабай, Бишкек – Ош жана Бишкек – Торугарт стратегиялык трассалары кыймылга ачык

Калың кар жааганына карабай, Бишкек – Ош жана Бишкек – Торугарт стратегиялык трассалары кыймылга ачык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, айдоочуларга жол жүрүүдө этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.   Кандайдыр бир маселелер жаралса, Бишкек – Ош… Кененирээк…

Нарын шаарында үйлөргө жылуулуктун берилиши текшерилди

Нарын шаарында үйлөргө жылуулуктун берилиши текшерилди.   Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардын айрым жашоочуларынын жылуулук жакшы берилбей жатат деген билдирүүлөрүнөн улам мэр Канболот Тутуев кайрылган жарандардын үйлөрүн кыдырып, жылуулуктун берилишинен кабар алды.   Кыдыруу учурунда айрым кабаттуу үйлөрдө жылуулук талаптагыдай берилбей жаткандыгы аныкталды.   Канболот Тутуев тийиштүү… Кененирээк…

Акжол менен Жоламан UWW уюмунун “Тарых жаратуучу” наамына көрсөтүлдү

Кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) 2022-жылдын “Тарых жаратуучу” наамына көрсөтүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун соцтармактагы баракчасында айтылат.   Маалыматка ылайык, “Тарых жаратуучу” наамына кыргызстандык эки спортчудан сырткары 2022-жылы эркин күрөш боюнча 57 салмакта дүйнө чемпиону болгон россиялык-албаниялык Зелимхан Абакаров… Кененирээк…

Бишкек мэриясы шаарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгууда

 Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттиги шаардыктардын назарына Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду сунуштайт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, алар төмөнкү долбоорлор: — «Бишкек шаарында жогорку ылдамдыктагы автобустук каттамдарды киргизүү»; — Айтматов- А.Масалиев проспектилерин көрктөндүрүү; — Таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу; — «Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын… Кененирээк…

Кыргызстанда үч тилде билим берүүнү киргизүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева өлкөдө үч тилдүү билим берүү системасын киргизүүнү сунуштады.   Эл өкүлү бүгүн парламенттин жыйынында сөз сүйлөп, кыргыз, орус жана англис тилдеринде билим берүүнү баштоо сунушун киргизди. Анын айтымында, өлкөнүн келечеги үчүн бүгүндөн тарта англис тилинде сабактарды киргизүү зарыл.   “Англис… Кененирээк…