Бишкекте үч эм төрөлдү. 37 жаштагы Нурзида Садырбаева ордо калаанын №2 төрөт үйүндө 3 уулду жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу аталган төрөт үйүнүн башкы дарыгери Майрам Керималиева билдирди.
Анын айтымында, учурда эне балдардын абалы канааттандыраарлык.