Турак жай кооперативинен жабыркагандар тарткан зыян 800 миллион сомдон ашты

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери турак жай кооперативине алданганын айтып милицияга кайрылгандардын арызынын негизинде 963 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 22-декабрда “Азаттыкка”  Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Чолпонбай уулу Нурлан билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылдан өткөн дагы сегиз ишти кошкондо жалпысынан 971 иш болууда. Бүгүнкү күнгө карата анын 342си боюнча материалдар сотко жөнөтүлгөн, 496 кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

 

«Материалдык зыяндын жалпы суммасы 833 млн 846 миң сомдон ашкан. Укук коргоо органдарынын аткарган ишинин жыйынтыгында 23 млн сом 870 миң сом кайтарылган. Милицияга арыз менен кайрылгандар “Ак үй KG”, “Жилье Грант”, “Элдик Групп”, “Ордо-Мурас”, “Финико”, “S-LINE”, “Ихсан Групп ЛТД”, “Биринчи турак жай кооперативи”, “Ансар”, “Ипотека” деген 10 турак жай кооперативине нааразылыгын билдирген”, — деди ИИМ өкүлү.

 

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Алардын саны 70тин тегерегинде экени бейрасмий айтылып келет. Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик “каржылык пирамиданын” элементтерине окшош экенин эскерткен.

Өлкөдө кооператив аркылуу үй алгандар да бир топ экени айтылууда.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков 21-декабрда 9 кооперативдин жетекчилери кармалып, тергөө иштери жүрүп атканын Жогорку Кеңеште билдирген.