Кыргызстандыктарга үй сатып алууда сак болуу сунушталат

Кыргызстандыктарга үй сатып алууда сак болуу сунушталат. Ички иштер министрлиги билдиргендей, мындан бир нече жыл мурун өлкөдө турак жай-курулуш кооперативдери пайда боло баштаган. Алар жарандарды кыска мөөнөттө турак жай менен камсыз кылууну убада кылууда, ошол эле учурда алардын ишинде ачык-айкындык жок жана каражаттын сакталышына кепилдик… Кененирээк…

Футзал боюнча БА чемпионаты: Бүгүн Кыргызстандын кыздар курамасы Иран менен ойнойт

Бүгүн, 27-январда Ташкентте кыздар арасында футзал боюнча Борбор Азия чемпионаты старт алат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 31-январга чейин өтө турган чемпионатка Кыргызстан, Иран, Тажикстан жана Өзбекстандын курамалары катышууда. Кыргызстандын курамасы бүгүн Ирандын командасы менен “Юнусабад” спорт комплексине беттеш өткөрөт.

Бишкекте таштандыларды иргей турган экинчи пункт ишке кирди

Бишкекте таштандыларды иргей турган экинчи пункт ишке кирди. Мэриядан билдиришкендей, ал Керимбеков көчөсүндө жайгашкан. Эко аянтча бардык санитардык нормаларды эске алуу менен курулган. Алсак, видеобайкоо, борбордук байланыш системалары орнотулган. Белгиленгендей, долбоордун максаты шаардыктарга таштандыларды өзүнчө чогултуу маданиятын калыптандыруу жана ордо калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу. Эске… Кененирээк…

Ысык-Көлдө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн таңкы саат алтыларда Ысык-Көл облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Жердин силкинүүсү Каракол айылында 5 балл, Кара-Сай айылында 3,5 балл, Каракол шаарында 3 балл, Кажы-Сай айылында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, андан жабыркагандар катталган… Кененирээк…

Жерар Пике жаңы сүйүктүүсү менен түшкөн алгачкы сүрөтүн жарыялады

Жерар Пике жаңы сүйүктүүсү Клара Чиа Марти менен түшкөн алгачкы сүрөтүн жарыялады. Испания курамасынын мурдагы коргоочусунун сүрөтү Интернетте ажиотаж жаратты. Алсак, көпчүлүк колдонуучулар анын мурдагы жубайы Шакираны жактап, ага эч ким тең келе албастыгын белгилешкен. Шакира менен Жерар Пике былтыр июнда ажырашып кетишкен. Жубайлар 11… Кененирээк…

«Манас» аэропорту жүргүнчүлөрдү эрте келүүгө чакырат

Бишкек жана Чүй облусунда борбордук көчөлөр бүгүн да маал-маалы менен жабылат. Мындан улам, “Манас” эл аралык аэропорту” каттоого кечикпөө үчүн жүргүнчүлөрдү аба майданга эрте келүүсүн суранат. Трассалардагы чектөө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарына байланыштуу.

ОшМУнун медициналык клиникасында биринчи жолу операция жасалды

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) медициналык клиникасында ашказан рагына чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалды. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди. Окуу жайдын маалыматына ылайык, операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы врач-хирург, онколог Жанек Белеков эндокопист, онколог, хирург Омурбек Алишов менен биргеликте жасады. “Бүгүн ОшМУнун тарыхында… Кененирээк…

GoBus эми Өзбекстанга каттай баштайт

GoBus эми Өзбекстандын 4 шаарына каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Кайрат Итибаев билдирди. Маалыматка ылайык, авобустар коңшу өлкөнүн Фергана, Андижан, Ташкент жана Наманган шаарларына жүрө баштайт. Бул долбоорду алдыдагы жайкы туристтик сезондо ишке киргизүү пландалып жатат.

Талас районуна «өзгөчө кырдаал» киргизилди

Талас районуна «өзгөчө кырдаал» киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, райондогу Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Каракол дарыясына муз тоңуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү, короо-жайларды каптоо коркунучу жаралган. Муз тазалоо иштерине Талас облусундагы №36 жол тазалоо ишканасынан 10 жумушчу, 2 техника, район боюнча өзгөчө… Кененирээк…