Бүгүн, 27-январда Ташкентте кыздар арасында футзал боюнча Борбор Азия чемпионаты старт алат.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
31-январга чейин өтө турган чемпионатка Кыргызстан, Иран, Тажикстан жана Өзбекстандын курамалары катышууда.
Кыргызстандын курамасы бүгүн Ирандын командасы менен “Юнусабад” спорт комплексине беттеш өткөрөт.