Бишкекте таштандыларды иргей турган экинчи пункт ишке кирди

Бишкекте таштандыларды иргей турган экинчи пункт ишке кирди.

Мэриядан билдиришкендей, ал Керимбеков көчөсүндө жайгашкан.

Эко аянтча бардык санитардык нормаларды эске алуу менен курулган.

Алсак, видеобайкоо, борбордук байланыш системалары орнотулган.

Белгиленгендей, долбоордун максаты шаардыктарга таштандыларды өзүнчө чогултуу маданиятын калыптандыруу жана ордо калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу.

Эске салсак, буга чейин таштанды иргей турган жай Бишкектин Панфилов көчөсүндө иштей баштаган.