Бишкекте электр энергиясын керектөө чектен ашты

Ордо калаада электр энергиясын керектөө чектен ашты. Бишкек электр тармактар ​​ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата шаар боюнча суткалык керектөө лимити тиешелүү чектен дээрлик 1,5 млн кВт/саатка, же 14 пайызга көп болууда. Мындан улам электр тармактарына жана жабдыктарга күч келип жатат. Авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу үчүн… Кененирээк…

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 50дөн ашык объект аныкталды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 50дөн ашык объект аныкталды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволор аралык комиссиясы пансионаттардын, эс алуу зоналарынын курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын текшерип, мониторинг жүргүзүүдө. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча материалдар укук коргоо жана сот органдарына өткөрүлүп берилет.

ДССУ: Кыргызстанда балдар арасында рак оорусу өсүүдө

Кыргызстанда балдар арасында рак оорусунун өсүшү байкалууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, былтыр өлкөдө 157 балада, 2021-жылы 99 балада, 2020-жылы 139 балада рак оорусу аныкталган. Белгиленгендей, мындай маалыматтар улуттук өнөктөштөрдүн катышуусунда өткөн тегерек столдун жүрүшүндө айтылды. “2021-жылдан тарта ДССУнун техникалык колдоосу менен Кыргызстан шишиктердин… Кененирээк…

Бишкектеги Жеңиш конушунда таза суу өчүрүлөт

Эртең, 16-февралда Бишкектеги Жеңиш конушундагы турак үйлөрдө, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, ичүүчү суу саат 9:00дөн 16:00гө чейин «Жеңиш» суу топтомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт. Шаардык мэрия ыңгайсыздыктар… Кененирээк…

Бишкектен Түркияга жети тонна гумжардам жөнөтүлдү

Бишкектен Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жети тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Белгиленгендей, актуалдуу муктаждыктардын тизмесине кышкы чатыр, жууркан, газ менен иштеген жылыткыч, генератор жана уктоочу баштыктар кирет. Бишкектеги гумажардам чогулткан пункт Жибек-Жолу көчөсүндөгү борбордук мечитте жайгашкан.

Эгемендиктен бери Кыргызстан жол курууга 3 млрд долларга жакын насыя алган

Эгемендиктен бери Кыргызстан жол курууга 3 миллиард долларга жакын насыя алган. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Ырысбек Бариев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал ошондой эле бүгүнкү күндө мекеме тарабынан акы төлөнүүчү жолдорду куруунун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатканын, аларга коюлган талаптардын бири подрядчылар… Кененирээк…

Акы төлөнүүчү жолдор боюнча мыйзам экинчи окууда кабыл алынды

Кыргызстанда акы төлөнүүчү жолдор боюнча мыйзам экинчи окууда кабыл алынды. Унаа жана жолдор министринин орун басары Ырысбек Бариев парламентте билдиргендей, өлкөдөгү үч ири трасса жана эки туннелди жаңылап, акы алынуучу жол катары пайдалануу пландалууда. Алар — Алматы – Чолпон-Ата жолу, Өзгөн айланма жолу жана Бишкектеги… Кененирээк…

Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн Испанияга учуп кетти

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кетти. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Атамбаев жүрөгүн жана омурткасындагы грыжаны дарылатат. 14-февралда абактан чыккан Алмазбек Атамбаев тез арада дарыланууга муктаж экенин айтып, чет өлкөгө учуп кетерин билдирген.… Кененирээк…

АКШ тургуну дүкөнгө барып, байлык менен үйгө кайтты

АКШ тургуну дүкөнгө барып, байлык менен үйгө кайтты. Маркетте лотерея билеттери сатылып жатканын көрүп, эркек бирди сатып алууну чечкен. Купон ийгиликтүү чыгып, америкалыкка 750 миң доллар алып келди. Эми ал өзүнө жана баласына үй сатып алууну пландап жатат.   Эркектин айтымында, ал эми дайыма лотерея… Кененирээк…

Токтогул сактагычында суунун деңгээли 9 миллиард кубометрден төмөндөдү

Токтогул сактагычында суунун деңгээли 9 миллиард кубометрден төмөндөдү.   “Электр станциялар” компаниясынан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн башкы резервуарында 8 миллиард 740 миллион куб нымдуулук калды.   Суунун агып кириши секундасына 160 кубометр болсо, чыгышы дээрлик 5 эсе көп – 831 куб. Буга байланыштуу энергетиктер… Кененирээк…