ДССУ: Кыргызстанда балдар арасында рак оорусу өсүүдө

Кыргызстанда балдар арасында рак оорусунун өсүшү байкалууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, былтыр өлкөдө 157 балада, 2021-жылы 99 балада, 2020-жылы 139 балада рак оорусу аныкталган.

Белгиленгендей, мындай маалыматтар улуттук өнөктөштөрдүн катышуусунда өткөн тегерек столдун жүрүшүндө айтылды.

“2021-жылдан тарта ДССУнун техникалык колдоосу менен Кыргызстан шишиктердин бардык эпидемиологиясына көз салууга, дарылоонун натыйжаларына, дарылоонун түрлөрүнө жана бейтаптардын мындан аркы тагдырына жана оорунун жыштыгына баа берүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды онкологиялык реестрге киргизе баштады», — деп билдирди ДССУ.