Эгемендиктен бери Кыргызстан жол курууга 3 млрд долларга жакын насыя алган

Эгемендиктен бери Кыргызстан жол курууга 3 миллиард долларга жакын насыя алган.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Ырысбек Бариев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө мекеме тарабынан акы төлөнүүчү жолдорду куруунун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатканын, аларга коюлган талаптардын бири подрядчылар бул каттамдарды жети жыл оңдобостон иштетүүгө кепилдик бериши керектигин билдирди.